Казакстанда өткөн MMA боюнча дүйнөлүк биринчиликте Кыргыз мушкерлери командалык эсепте үчүнчү орунду алышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрдагы маалымат жыйын учурунда Кыргыз Республикасындагы MMA жана Панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков билдирди.
Анын айтымында, Казакстандын Астана шаарында өткөн MMA боюнча Дүйнө чемпиондугунда 27 өлкөнүн атынан 150гө чукул мушкер катышкан.
"Кыргыз Республикасынын атынан 8 мушкер катышып, бир күмүш, 4 коло байге утуп келишти. Муну менен Кыргыз өлкөсү жалпы командалык эсепте Орусия, Казакстандан кийинки 3-орунду алдык. Негизинен орусиялык мушкерлер күчтүү болушат. Биздин балдар аларга оңой менен жеңилип беришкен жок. Командалык эсепте 3-орунду алыш биз үчүн чоң жеңиш", - деди Өмүрзаков.
Астана шаарында өткөн MMA боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз мушкерлери Азатбек Анарбай уулу, Олжобай Кудайберди уулу, Төлөгөн Рахманберди уулу, Осман Абдулазизов кол медаль тагынышса, Кубанычбек Туратбек уулу күмүш байге уткан.