"Дүйнө сулуусу-2017" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн катыша турган Бегимай Карыбекова сынакка катышуу үчүн Кытайга кете элек. Бул тууралуу анын менеджери Бектур Усенов SUPER.KG порталына билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Карыбекова Кытай Эл Республикасынын өлкөдөгү элчилиги виза бере электигине байланыштуу кете элек.
"Бардык тийиштүү документтерди тапшырганыбызга карабастан элчилик бизге виза бербей жатат. Эмне себептен виза берилбей жатканын түшүндүрүп берүүнү суранганыбызда алар эч кандай жооп айткан жок", - дейт менеджер.
Сынактын уюштуруучулары Бегимайдын абалын түшүнүп, 3 күндүн ичинде келсең болот деп уруксат беришкен. Буга байланыштуу жаралган маселени тез аранын ичинде чечүү зарылдыгын кошумчалады Усенов.
Айта кетсек, "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн бийкечтер катышат. Сынак бүгүн, 20-октябрда башталып 19-ноябрга чейин уланат.