Бишкекте электр энергиядан карызы бар 1 800 абоненттин жарыгы өчүрүлдү

Бишкек шаарында электр энергиядан карызы бар 1800 абоненттин жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарындагы өз маалында төлөм жүргүзбөгөн 1 800 абоненттердин электр жарыгы өчүрүлдү. Алардын карыздарынын суммасы 8,5 миллион сомго жеткен. Эгерде төлөм толук жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат базага түшсө электр жарыгы кайрадан кошулат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жеке турак үйлөрдө жашаган 235 миң абонент бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kuba502
2017-10-20 13:17:39
Элдердикин 50сом карызы болсо да өчүрүп аткандырсыңар да
0
Rifle_I
2017-10-20 14:39:37
Өзүбүздөн электр энергия чыгып, бирок кымбатка сатып алабыз.
Президент иштеп берсе байып алсак болду.
0
bazar
2017-10-20 15:34:46
Бакиев 1,20 тыйын кылганда өкүрүп чыккандар 2,50 тыйындан төлөй албай калган окшойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан