Мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова 82 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы Ленин райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө таянып кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ленина Абдрахманова бүгүн, 20-октябрда түн ичинде көз жумган. Ленина Абдрахманова турмушка чыгып, бирок балалуу болгон эмес. Анын эки көзү акыркы 10 жылдан бери көрбөй калган. Өмүрүнүн акыркы күндөрү ага туугандары жана социалдык кызматкерлер каралашып турган.
Ал 1935-жылы Орусиянын Оренбург шаарында жарык дүйнөгө келген. Ысымын атасы Жусуп Абдрахманов Владимир Ильич Лениндин атынан койгон. Ленина Абдрахманова төрөлгөнүнө 11 ай болгондо атасын эл душманы деген жалган күнөө менен атууга кетиришкен. Абдрахманова институтту аяктап, 20 жылдан ашуун заводдо эмгектенген.
Ленина Абдрахманованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең саат 11:00дө өз үйүндө өтөт.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Ленина Абдрахманованын каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.