Залкар актёр, сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморовдун 3 метрлик айкели Бишкекке алып келинип орнотулду. Бул тууралуу "Сүймөнкүл Чокморов" атындагы коомдук фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов билдирди.
Билдирүүгө ылайык, СССРдин эл артисти Чокморовдун эстелиги Екатеринбург шаарында даярдалып, 28-сентябрда Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлгөн. Айкел орусиялык "Дубровин" ишканасы тарабынан жасалган.
"Айкелди бир жылдан ашык убакытта жасап бүтүштү. Ал жакта сапаттуу жана кураштырылбаган, бүтүн айкелди куюп жасоого мүмкүнчүлүк бар болгондуктан ошол жакка буюртма берип, келишим түзгөнбүз", - дейт Абдрахманов.
Айкелдин салмагы 600 килограмм, ага атайын каражаттар менен эски эстеликтей түс берилген. Мындай эстеликтер Кыргыз өлкөсүндө аз гана санда. Эстелик "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдына орнотулган.
Белгилүү актёр жана сүрөтчү көзү тирүү болгондо быйыл 78 жашка чыкмак. Сүймөнкүл Чокморовдун эстелигинин ачылышы 9-ноябрда туулган күнүнүн урматына маданият кызматкерлеринин жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.