Бишкек-Торугарт жолунда эки оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 11:16 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 86-чакырымында (Жаңы-Алыш айылында) болгон.
"Цемент ташыган Хово үлгүсүндөгү унаа менен КамАЗ сүзүшкөн. Анын кесепетинен Ховонун айдоочусу 1996-жылы туулган С.Э., 1973-жылы туулган Ш.К. аттуу жүргүнчү жана КамАЗдын 1975-жылы туулган К.С. аттуу айдоочусу (Казакстандын жараны) жабыркаган", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.