Клара Алибекова: "Милициялар да, зордуктоого аракет жасаган адам да арызымды кайтарып алышымды суранып жатышат"

Ырчы Клара Алибекова аны видеого тартып, интернетке таратып жиберген милиция кызматкерлерине чара көрүлүшүн талап кылат. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Айтымында, аны видеого тартып интернетке таратып жиберген милиция кызматкерлерине жөн гана эскертүү берилген жана ишке баа берүү үчүн тергөө органдарына жөнөтүлгөн.

"Милиция кызматкерлери менден кечирим сурап, арызымды кайтарып алуумду өтүнүп жатышат. Бирок мен буга макул эмесмин. Мени бүтүндөй элге уят кылган адамдар жаза алышын талап кылам", - дейт ал.

Мындан сырткары ырчыга ошол күнү кол салып, зордуктоого аракет кылган деп шектелген адам анын таанышы болуп чыккан.

"Мен анын үстүнөн да арыз жазгам. Ал дагы арызымды кайтарып алууну айтып, маселени өз ара чечишүүнү өтүнүп жатат", - дейт ырчы.

Эске салсак, буга чейин интернетке "Клара Алибековага ким кол салды?" деген аталыштагы видео тараган. Видеодон ырчынын укук коргоо органдарына ага кол салуу болгондугун айтып берип жатканын көрүүгө болот. Бирок милиция кызматкерлеринин бири ырчыга "Крышаң кетип калган жок беле?" деген суроо узатып, анын айткандарына кайдыгер мамиле жасаганы тартылган.

Бул иш боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, Патрулдук милициянын 3 кызматкерлери дисциплиналык тартиптин негизинде жоопко тартылганын жана окуя боюнча чогултулган материалдын баары юридикалык баа берүү максатында тергөө органдарына өткөрүлүп берилгендигин ИИМдин басма сөз кызматы маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-20 17:52:50
Атамбаевтей болуп 10 миллион штраф салдырбайбы
+21
Batma.Sh
2017-10-20 18:22:25
Дагы деле жүрөт го,бул чайналып.
-5
milashka.98
2017-10-20 19:51:47
Арызынызды албан,жазаларын алышсын
+8
gilrfkg
2017-10-20 20:19:28
Ezilgen bir adam eken da kyskasy...
-3
taku1414
2017-10-20 21:19:00
Моралдык зыян тартканын учун 10 милион доллар ондуруп ал.
+11
Rasul94
2017-10-20 21:34:53
ушул жанылык бутподу го эч.Клара бекем бол.мындан ары этият бол
+5
Jeka1996vip
2017-10-20 22:00:34
пусть говрятка бар эми зодутуганга аракет кылды деп))не дейбиз дарья болдуго элдин баарына
-12
ainuska00
2017-10-20 22:02:11
Клара дагы канча алданасын?дагы канча сени каалаганча калчашат?Ушунун баары сага сабак болсун,ишене бербечи баарына.Арызды алба,кучтуу адвокат жалда,тубуно жет.Сени кандай мазактап каралашты.Жообун бер баарына.
+10
evra_kg
2017-10-21 00:43:37
Алба табышсын аларда жазасын алсын алар шылдындагандай кылып коюптур Клара бирок
+3
zhykyo
2017-10-21 01:02:44
Таш менен урганга аш менен ур озундун денгээлинди тушурбой алар оз денгээли канча экенин корсотушуп койду да.Биз сени жакшы коробуз Клара.
+2
BekAmir
2017-10-21 01:18:49
Жоопко тартылышсын
+3
Cherik.777
2017-10-21 07:39:47
Карга карганын козун чукубайт баары бир...
0
Taalaibek.
2017-10-21 08:45:34
Милицияларга мындан ары кепилдик жок. Ошондуктан милицияга аёоосуз жаза. Соттош керек. Ал дагы аздык кылат, жумушунан алыш керек да мындан ары дагы жумушка такыр албаш керк.
0
portugalia
2017-10-21 10:47:02
Соттолушсун.Милициялар мындан ары жакшыраак иштешет коркуп.
0
aiko30
2017-10-22 13:13:43
милиция кызматкерлери да кол салган адам дагы жазаларын алыш керек. милиция кызматкерлердин бул иши клараны кемсинтип шылдын кылганга барабар. жоопко тартылышын талап кылабыз же болбосо taku1414 айткандай 10000доллар моралдык ущерб катары штарф толошсун. клара кыргыз эли менен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан