Орусияда 19 жаштагы Кыргыз жараны поезд алдында калып каза болду

Орусияда 19 жаштагы Кыргыз жараны поезд алдында калып, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык 18-октябрь түнү Люберцы шаарындагы Люберцы-Дзержинский станцияларынын ортосунда болгон. Анда 19 жаштагы Кыргыз жаранын поезд сүзүп кеткен. Кырсык болгон жерге келген "Тез жардам" кызматы анын өмүрүн сактап кала алган эмес.

Азыркы тапта маркумдун ал жакта эмне кылып жүргөнү жана кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kalima88
2017-10-20 17:03:27
Электричканын жолунан өтө коем деген окшойт да, эмне болду экен?
+5
Makain
2017-10-20 17:07:21
Кыргызстанда жургондой чуркап отом дедида
+3
Alibay
2017-10-20 17:11:07
Эмнеси болсо дагы кор болду КЫРГЫЗ!
+17
arzygulR
2017-10-20 17:19:52
Жайы жанаттан болсун
+8
Bek_abad
2017-10-21 01:04:17
Ээхх журок ооруйт..((
+3
MoltirJan
2017-10-21 20:15:56
Эх,кыргыздарым чет жерде озунорду абайлагылачы,олду антти тигинтти дегенди уксам эле журогум титирей турган болду...Озу аз эле калкпыз го,аягылачы озунорду.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан