КҮНСЕРЕП: Мадумаров башкы оппозиционерге айланабы?

Бүгүн, 20-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Шайлоо өткөндөн кийинки алгачкы иш аптасы аягына чыгууда. Бир айга созулган агитациялык кампания учурунда аймактарда жүрө беришип, Жогорку Кеңештин депутаттары өз иш-милдеттерин унута түшүптүр. Пленардык жыйындар саналуу депутаттардын катышуусунда өтсө, бүгүн бир дагы фракция жыйынга чогулган жок. Жарандык коомдогу кыймылдар жана активисттер тыныгуу жарыялагандай жымжырт боло түшүштү. Ушундай тынчтык өкүм сүргөн шартта Адахан Мадумаров активдешти.

“Шайлоо бүтөр замат бардык талапкерлер башын кумга катып алганы өкүндүрөт” деп баштады Мадумаров. Добуш берүүгө катышкан ар бир үчүнчү шайлоочунун колдоосуна ээ болгон Өмүрбек Бабанов шайлоо жыйынтыгы билинген 15-октябрь күнү кечки саат 8ден кийин комментарий бербей, штабга барган журналисттерди таратып жиберишти. Зарыга күтүлгөн маалымат жыйынды Бабанов эртеси күнү саат 1де гана оюн жыйнап, айтар сөзүн бышыктап алгандан кийин берген. Андан ары шайлоочулардан добуш алган санына жараша уласак, Мадумаров комментарийге ачык болсо, Темир Сариев жана башка президенттикке талапкерлер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыска билдирүү менен гана чектелди. Андан ары Мадумаров талапкерлерди суу жүрөк деп атап, “алардын шайланбай калганы ырас эле болуптур” деди. Жыйынтыгында, марага үчүнчү болуп келген саясатчы азыркы системге макул эместердин башын бириктирүүнү ойлоп жатканын, ток этерин айтканда, оппозициялык күчтүн жүзү болууга аракет кыларын айтты. Ошол эле тапта парламенттеги оппозициялык фракциялар, сөз төркүнүндө Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев шайлоодон кийинки абал тууралуу пикирин трибунадан айта албады деп сынга алды.

“Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап” деп коюшат. Анын сыңары, бийликтин талапкерине оппонент болгон талапкерлер шайлоого чейин эмне менен алек болушту? Адегенде Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров төртилтик түзгөнүн жар салышып, алардын ичинен бири президенттик шайлоого аттанарын билдирип чыгышкан болчу. Бирок көп өтпөй, бул союз ыдырап, алардын ичинен Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековду жандап, ал эми Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабановго биригип кетишти. Мадумаров өзү да Өзгөнгө келген Бабановду тосуп алып, бирок бул ыктоо жарыялоого жетпей жокко чыкты. Эми кимиси кандай оппозициялык дареметти көрсөтө алды дегенге келсек... Жээнбековдун башкы атаандашы болгон Бабанов 15-октябрда добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарына саналуу сааттар калганда шайлоого катыша тургандыгын президент Алмазбек Атамбаевдин өзүнө кабардар кылганын, ал жооп кылып, бата бергенин маалымат жыйында билдирди. Ошону менен мамлекет башчыдан бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү кепилдигин суранганын агынан жарыла айтып алды. Муну менен Бабанов кандайдыр бир деңгээлде жасалма оппозиция болгону белгилүү болду. Чыныгы оппозиция деп саналган Өмүрбек Текебаев түрмөдө. Ал эми эң башында жарыяланган төртилтик да эгерде туш тарапка чачырап кетпесе, анда бул союз чыныгы оппозициянын сүрүн көрсөтө алмак.

Бардык иште соңку жыйынтыгы маанилүү болгондой, бул президенттик шайлоодо эки негизги талапкерлер сыяктуу миллиондорду чачпай туруп эле, өзүнүн үгүтү, идеологиясы, тили жана сөзү менен добуш алган Адахан Мадумаров болду. Материалдык чыгым жагынан алганда Мадумаров үгүт кампаниясына талапкерлердин ичинен эң аз акча сарптап, бирок шайлоонун жыйынтыгы боюнча 3-орунду ээледи. Биринчи жана экинчи орун алган талапкерлерге салыштырмалуу үгүт учурунда башка талапкер менен бириккенин да жарыялаган жок. Ошондой эле 2010-жылдан бери премьер-министр өңдүү жогорку кызматты ээлеп же Жогорку Кеңеште депутаттын креслосунда шайлоочуларына берген убадасын аткарууга мүмкүнчүлүгү боло электигине карабай туруктуу электораты бар экендигин дагы бир жолу далилдей алды. Ошол эле учурда Мадумаров “эгерде менин кайсы бир жерде элге пайдам тие турган болсо, мага жетекчи ким болору маанилүү эмес” деп да кыйытты.

1-декабрда Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аягына чыгат жана Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришет. Бийлик башы белгилүү, бирок оппозиция башы азырынча белгисиз. Жана анын качан пайда болору, кимдерден турары жана куралары да бүдөмүк...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан