Кыргыз өлкөсүнүн президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун шайлоодо жеңилип калгандыгын угуп ыйлаган кыздын видеосу интернет тармактарында кызуу талкуу жараткан.
Бул видеону көргөн Бабанов наристе кызга жолукту. Ал кыздын аты Алия, үгүт иштери башталгандан тартып Бабановдун жарнамалык роликтерин телеканалдардан калтырбай көрүп турган.
"Үгүт иштери башталгандан тартып эле кызым "Бабанов деген ким?"- деп сурап калды. Мен болсо кызыма ал президент болгусу келген адамдардын бири экенин айтып, алардын ортосунда күрөш болорун түшүндүргөм", - деп билдирди Алиянын апасы Венера Ашыралиева.
Ошондон тартып Алия Бабановдун жеңишин тилеп, шайлоонун жыйынтыктарын чыдамсыздык менен күтө баштаган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккан учурда апасы кызына Бабанов утулуп калганын айткан. Муну угар замат ал ыйлай баштаган. Бул окуяны Бишкек шаарында окуган кызына көрсөтүү үчүн Венера болгон окуяны видеого тартып алган. Ал видеону улуу кызына жиберген. Ашыралиеванын улуу кызы видеону интернет тармактарына жарыялаган.
"Өмүрбек Бабанов бизди издеп жатат деген кабарды угуп атайын Караколдон Бишкекке келгенбиз. Кызым Бабановду көрүп абдан толкунданды. Ал буга чейин ага жолукканда айтам деп жаткан сөздөрүн да унутуп калды. Биз негизи белек үчүн эмес кызымдын каалоосун орундатып, көргүсү келген адамына жолуктуруу үчүн келдик", - дейт Ашыралиева.
Ал эми Өмүрбек Бабанов кызга каалоо-тилектерин айтып, келечекте аны капаланткан окуялар такыр болбосо экен деп тиледи. Мындан сырткары Алияга планшет белекке берип, эми алар дайыма байланышта болуп турарын белгиледи.