SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектер, баарыбыз кыздыгы бар кыздарга үйлөнгүбүз келет, анда кыздыгы жоктордун тагдыры эмне болот?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кыздарды антип экиге бөлгөн болбойт. Балким, ошол кыздыгынын жоктугуна эркектер күнөөлүү болуп жүрбөсүн. Кылгылыкты кылып коюп "кыз" издеген анча-мынча ыйманы жок эркектер аман эле болушсун".
"Алданып, оюнда аруу-таза кыз алдым деп жүрөт да кээ бири. Кыздыгы жок кыздар жоошторго тийип кеткени менен, түбөлүк жашап кетеби? Эртеси кыз эмессиң тиги-бу деген ачуусу аралаш сөздөрү менен ажырашып тынбаса болду".
"Ошол зынаа жөнүндө эркектер да ойлонсо, алар да Кудайдан корксо жакшы болот го. Жалгыз кызга күнөө койгон туура эмес да. "Кайсы элден жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин эрине кой айыпты" деген сөз жөн жерден айтылган эмес".
"Таза кыздар да таза жигиттер үчүн".
"Бешенесинен көрөт да, сулуу, тың болсо көзү ачыла элек, бойдок балдардын башын айлантып тийип алат. Же үйлөнүп ажырашкандарга тиет. Кыскасы, каягынан болбосун Кудай теңин таап берсе керек. Анан ушул кээ бир кыздарга түшүнбөйм. Эркектер, силер да таза болууңар керек дешет. Эркектерде биринчиден кыздыкка окшош белги болбойт. Экинчиден, бизден бир нерсе чыкса сыртка чыгат, а кыздардыкы эркектикин ичине жутуп организмине сиңирип алат. Демек, эркектерде башта жаткан аялдардан организминде эч нерсе калбайт. Анан, албетте, ирээнжүү болот да. Ошондуктан да шариятта аял киши дароо ажырашып, башкага турмушка чыгуусуна тыюу салынат. Канча бир убакыт өткөндөн кийин гана уруксат. Бул нерсени себеби эки эркектин "бир нерселери" аралашып кетпесин деген себептен болсо керек".
"Эгер азыркы жашоосу малина болуп жатса эркектин деле, кыздын деле, ойлонбой ар кандай арам жолдо жүрүшсө, эртең эле келме кезек келет. Андыктан эркекке да, кызга да Кудайым ыйман, ынсап берсин. Анан да эркектер "ал кыз менен жүрдүм, антип койдум да" деп өздөрү мактанат. Айта берсе сөз көп. Үйлөнгөндө таза, апасы өппөгөн кыз издеп калабыз, бул кылганыбыз туура эмес".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.