Кочкор районунун Чалай жайлоосунда мыйзамсыз аңчылык кылган тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын жүргүзүлгөн рейддин алкагында Кочкор районунун Чалай жайлоосунда мыйзамсыз аңчылык кылган Чүй облусунун А.Х. аттуу тургуну кармалган. Анын Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унаасын текшерген учурда атып алынган 2 коён, 3 кекилик жана мылтык табылган.
Аңчыга протокол толтурулуп, тийиштүү материалдар чогултулууда.