Кыргыз Республикасы техникалык жардам боюнча Казакстан менен макулдашууну жокко чыгаруу ниети тууралуу расмий билдирүү берген жок. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ануар Жайнаковго таянып казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
"Биз Кыргыз өкмөтүнүн Казакстан менен макулдашууну жокко чыгаруу демилгеси жөнүндө жергиликтүү маалымат каражаттарынан окудук. Кыргыз тараптан бизге расмий маалымат түшкөн эмес. Мындан тышкары бул маселе эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын 18-октябрдагы жолугушуусунда көтөрүлгөн жок", - деди Жайнаков.
Буга чейин 17-октябрда Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов Кыргыз Республикасы Казакстандан техникалык жардамдан баш тартуу боюнча билдирбегенин жазып чыгышты жергиликтүү ЖМКлар.
"Кыргыз тарап гуманитардык жардамдан зарылчылык жок болгондугунан баш тартканын билдирген. Ал эми 100 миллион доллар техникалык жардамдан бүгүнкү күнгө чейин эч кандай баш тартуу болгон жок. Биз республикалык бюджетибизден каражатты бөлүп берүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз", - деди Казакстандын каржы министри.
Айта кетсек, 2016-жылдын 26-декабрында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунун жана Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында макулдашууга кол коюлган. Тараптар бул макулдашууга буга чейин эле жетишкен, бирок документке кол коюу созулуп келген. Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге кирүүсү боюнча жол картасын каржылоого Казакстан 100 миллион доллар бермек. Бул акча Кыргыз жергесиндеги бажы инфратүзүмдөрүн, лабораторияларды модернизациялоого жана башка маанилүү иш-чараларга багытталыш керек болчу.
Кечээ, 20-октябрда Кыргыз Республикасы бул макулдашууну жокко чыгарганы жатканын SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештен билдиришкен. Бул маселе кийинки жумада башында аталган комитетте, андан соң парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы.