Мындан 48 жыл мурун, 1969-жылы 21-октябрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов туулган. Өзүнүн шаан-шөөкөттөн алыс экенин айткан саясатчы, туулган күнүн өзгөчө белгилебей турганын билдирди. Шыкмаматов туулган күнүнө арналган эң кымбат белек жылда жаңы калемдер, жаңы чыгармачылык менен кагазга түшүрүлгөн 7 жаштагы кызынын атасына арнаган сүрөттөрү экенин айтты.
"Кичинекей кызымдын мага арнап тарткан сүрөттөрү бар. Ал кичинекей кыздын ой-жүгүртүүсү, жан дүйнөсүнөн чыккан каалоосу да. Мен аларды дайыма сактап коём. Мен үчүн бул эң кымбат белек деп билем. Кызым 7 жашта. Туулган күнүңдө жакын адамдарыңын, досторуңдун, туугандарыңдын көңүл буруп куттуктаганы, албетте, жагымдуу. Мен шаан-шөөкөткө жакын эмесмин. Ошондуктан туулган күнүмдү тосуп, киши чакырып, той берип өзгөчө белгилебейм", - деди саясатчы.
Алмамбет Шыкмаматов өзүнүн чоң байлыгы үй-бүлөсү экенин айтты. Анын үч уул, бир кызы бар. Балдарынын улуусу 18 жашта, кичүү кызы 7 жашта.
"Менин Кудайдан тилегеним өмүрүмдүн мазмуну, балдарымдын, үй-бүлөмдүн аманчылыгы. Кудайдан балдарыма өмүр, ыйман, бакыт тилейм. Өзүм коомдук ишмер болгондуктан саясатка аралашканыма өкүнбөйм. Азыр кара булут айланып, ар кандай кыйынчылык учурлардан өтүп жатабыз. Мен буга да өкүнбөйм. Анткени мунун баары эркиндик, сөз эркиндиги, демократия, коррупция менен күрөшүү деп айтканыбыз үчүн. Бул Кудайдын сыноосу", - дейт Шыкмаматов.
Мамлекеттик ишмер Алмамбет Шыкмаматов 1969-жылы 21-октябрда Фрунзе шаарында туулган. 1994-жылы Бишкек гуманитардык университетин орус тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетин юриспруденция адистигин бүтүргөн. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси класстык чинине ээ.