Рак илдетине кабылып, 5 жолу операция жасаткан Дилбар Асанакун кызына 6-жолу операция жасалып, башындагы шишиги алынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда бейтапка жардамдашып жаткан Элизат Калиева билдирди.
"Дилбар Асанакун кызынын башына операция жасалып, шишиги алынды. Ал азыр өзүнө келип, абалы турукташып жатат. Дарыгерлер эртеңден баштап бастырабыз деп жатышат. Мен бейтаптын жанынан чыкпай жардамдашып жатам", - деп билдирди Калиева.
Эске салсак, буга чейин дарыгерлер Дилбар Асанакун кызынын башындагы шишигин чет өлкөдө нур менен күйгүзүү жолу аркылуу жок кылуу аракетин көрүшкөн. Бирок сүйлөшүүнүн жыйынтыгында дарыгерлер Бишкекте операция жасоону чечишкен.
Дилбар Асанакун кызынын жолдошу, бир туугандары, ата-энеси, каралашар жакын тууганы да жок. Ал 2-класста окуган жана 2,5 жашка толгон балдарын жалгыз багып келет.