Интернет мейкиндигине күнүнө жүздөгөн түрдүү жаңылыктар, окуялар тарайт. Алардын ичинде кызуу талкууларды жараткандары аз эмес. Акыркы апта аралыгында талкуу жаратып, коомчулукту кайдыгер калтырбаган окуялар менен тааныштырабыз.
15-октябрда өткөн өлкөнүн президентин шайлоодо калктын көпчүлүк добушуна ээ болгон Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлө мүчөлөрүнө коомдун кызыгуусу күн санап өсүп барат. Бул жуманын эң көп талкууга алынган жаңылыгы - Жээнбековдун ажарлуу кызы Бактыгүл Шарипова жөнүндө болду. Өзүнүн сулуулугу менен көптөгөн интернет колдонуучуларды суктандырган Бактыгүл Бишкек шаарындагы №5-компьютердик гимназияны аяктап, азыркы тапта Кыргыз-Орус Славян университетинде билим алат. 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан.
Белгилүү "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси, ырчы Сайкал Садыбакасованын турмушка чыгары жөнүндө жаңылык көпчүлүктү таң калтырды көрүнөт. Ырчы Эдил Маматов экөөнүн ортосунда сүйүү мамилеси бар деген кептер эми эле тынчыганда Сайкалдын бул жаңылыгы күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Учурда көпчүлүк сулуунун тандоосу кайсы мырза деген суроого жооп издөөдө.
Сүйүктүүсүн Казакстандын ар кайсы шаарынан издеп “Алматыда жок-жок, Актөбеде жок-жок” деп ырдап келген ырчы Ерке Есмаханды ага ашык жаш жигит өзү издеп тапты. 20 жаштагы Руслан аттуу жигит түз эфирде ырчыга шакек тартуулап, тизелеп өз сүйүүсүн билдирип бирге болууну сунуштаган. Бул окуяга миңдеген телекөрүүчүлөр күбө болушкан. Бирок ырчы кандай жооп кайтарганы тууралуу азырынча маалымат жок.
"Дүйнө сулуусу-2017" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн катыша турган Бегимай Карыбекованын өзүн тааныштырган видеосу талкуунун чордонунда болду. Интернет колдонуучулар сулуу бийкеч англис тилин дагы өздөштүрүүсү керек экен деген пикирлерин калтырышкан. Көп өтпөй кечээ, 20-октябрда сулуунун менеджери Бегимай Кытайга сынакка кете электигин, элчилик ага виза бербей жаткандыгын маалымдаган. Бул ирет Бегимайды сындагандарга караганда колдогондордун саны арбын болду.
Президенттик шайлоонун жыйынтыгын чоң адамдар гана эмес кичинекей балдар да чыдамсыздык менен күтүштү. Буга караколдук 5 жаштагы Алиянын социалдык тармактарга тараган видеосу далил болду. Ал шайлоодо жеңип чыгышын тилеген талапкер Өмүрбек Бабановдун утулуп калганын угуп катуу ыйлаган. Бул окуя Бабановдун көңүлүн өзүнө буруп, кичинекей кызга жолугуп белектерин ыйгарды.