Ак-Суу районунун Отрадное айылынын 31 жаштагы тургуну баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Отрадное айылынын 31 жаштагы Ш.А. аттуу тургуну текшерүүгө алынып, жанынан 1 килограмм 350 грамм салмактагы марихуана табылган.
"Аталган факты боюнча Ак-Суу РИИБи тарабынан кылмыш иши козголду. Кармалган адам буга чейин аскердик мүлктү атайын жок кылуу, зыянга учуратуу беренеси менен соттолгондугу ачыкка чыккан. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.