Жасаган жумушунан да сырткы келбети, дене түзүлүшү жөнүндөгү чуулгандуу талкуулар көп жаралган америкалык модель, актриса Ким Кардашьян бүгүн, 21-октябрда 37 жашка толду.
Ал Лос-Анжелесте туулган. Анын чыныгы аты Кимберли Ноэль. Атасы адвокат Роберт Кардашьян, апасы Крис Женнер, учурда анын менеджери. Атасы да, апасы да белгилүү адамдар болгондуктан ал атактуулуктун даамын бала кезинен эле билип өскөн. Ким эжеси, сиңдиси жана иниси болуп 4 бир тууган чогуу чоңойгон. Апасынын 2-турмушунан дагы 2 сиңдиси бар.
2006-жылы интернетке Ким Кардашьяндын интимдик видеосу тарап, көпкө чейин өчүрүлбөй жүргөн. Бул окуя аны белгилүүлүккө жеткирген. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө видеодискти таратууну Кардашьян өзү мерчемдеген деген кептер болгон.
Чыгармачылык жолун 2007-жылы өзүнүн үй-бүлөсү менен "Keeping Up with the Kardashians" реалити-шоу берүүсүнө катышуу менен баштаган. 2010-жылы реалити-шоу берүүсүнө катышкандардын эң кымбат жылдызы катары 6 миллион доллар таап, анын 10 пайызын кайрымдуулукка жумшаган. 2011-жылы бир тууган эжеси Кортни Кардашьян менен жаңы реалити-шоу баштаган.
Актриса катары 2008-жылы "Болбогон блокбастер" тасмасына тартылып, начар аткарылган ролдор үчүн берилүүчү "Алтын малина" сыйлыгына ээ болгон. Бул тасмадан кийин көптөгөн сериалдарда жана тасмаларда роль жараткан. 2007-жылы "Playboy" журналына сүрөткө түшкөн. 2008-жылы Bongo Jeans кийим фирмасы менен келишим түзүп иштей баштаган. Бүгүнкү күндө DASH кийим дүкөндөрүнүн ээси.
Пластикалык операция...
Көптөгөн хирург жана күйөрмандарынын пикиринде, Ким башынан көп сандаган пластикалык операцияларды өткөргөн. Мурдунун формасын өзгөртүп, төшүн, жамбашын чоңойткон, липосакция же ашыкча май катмарларын кестирген. Муну менен катар байма-бай жүзүндөгү бырыштарды жок кылуучу операцияларды, плазмолифтинг жана контурдук пластикаларды жасатып турат. Модель өзү пластикалык операциялар тууралуу берилген суроолорго жооп берүүдөн баш тартпайт. Бирок анын жообуна көпчүлүк ишенбей келет.
Мисалы, төшүн чоңойткон деген кептерди ар дайым жокко чыгарып, өзүнүн жапжаш кезиндеги сүрөтүн жарыялап, азыр андан көп деле айырма болбогонун айткан.
Ошол эле учурда өзү көпчүлүк сүрөттөрдө күйөрмандарынын көңүлүн бурдургусу келген жамбашына да операция жасалган деген кептерди жокко чыгаруу аракетин көрөт. Хирургдар операциясыз андай мүчөгө ээ болуу мүмкүнчүлүгү өтө аз деп айтып келишет.
Ботокс боюнча модель жашырбай айтып, андан кийинки сезимдери менен бөлүшүп турат. Ал эми липосакция - ашыкча майларды жок кылуу боюнча 2004-жылы ачыктап, күйөөсү Дэймон Томастын каалоосу менен ушундай кадамга барганын айткан.
Модель сүйүүдө...
2000-жылы Ким Кардашьян музыкалык продюсер Деймон Томаска турмушка чыгып, 4 жыл чогуу жашашкан. Ажырашууга Кимдин тынымсыз ала жипти аттагандыгы себеп болду деген маалыматты Деймон Томас ЖМКга тараткан.
Андан кийин Американын сулуусунун жүрөгүн Реджи Буш аттуу футболист багындырып, бирок махабаты 3 жылга гана созулган.
2011-жылы баскетболчу Крис Хамфрис менен расмий түрдө үй-бүлө куруп, бул ирет да 2 жылдан кийин ажырашып кеткен.
Учурда Кардашьян 3-күйөөсү Канье Уэст менен жашайт. Алар 1 уул, 1 кызды тарбиялап келишет. Кызы 2013-жылы төрөлүп, 2014-жылы үйлөнүү үлпөтүн белгилешкен.
21-октябрга карата жылнаама.