Германиянын Мюнхен шаарында белгисиз киши 4 адамга бычак менен кол салды. Бул тууралуу жергиликтүү полициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда кылмышка шектүү изделүүдө. Жабыркагандар жеңил жаракат алышты. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Полиция жергиликтүү тургундардан убактылуу көчөгө чыкпоону суранууда.