Германиянын Мюнхен шаарында беш адамга бычак менен кол салган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда чет элдик маалымат булактары жергиликтүү полициянын маалыматына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, полиция кызматы адамдарга кол салган кылмышка шектүү кармалганын билдирген. Ал эми кармалган адам тууралуу чукул арада маалымат берилерин айткан. Азырынча шектүү жөнүндө маалымат жазылган эмес.
Эске сала кетсек, Мюнхендин борборуна жакын жерде белгисиз эркек киши беш адамга бычак менен кол салып, из жашырып кеткен. Кылмышка шектүү издөөгө алынып, полиция жергиликтүү тургундарды убактылуу көчөгө чыкпоону суранган болчу.