Түркиянын Стамбул шаарында 20-22-октябрь аралыгында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Түркиянын кубогунда Кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын медалга ээ болду.
Акжол Махмудов грек-рим стилинде 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалга чейин өтө алган. Финалдык беттеште Махмудов түркиялык балбанды жеңип, алтын медаль тагынды.
Аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпы 8 спортчу катышты.
Эске салсак, Акжол Махмудов жаштар арасындагы Азия чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси.