Бишкекте бүгүн, 22-октябрда Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан "Ганбей" кафеси өрттөнүп жатат. Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрт тууралуу кабар саат 10:15 чамасында келип түшкөн. Аны өчүрүүгө алгач 4 унаа жөнөтүлүп, кийин дагы 4 унаа барган. Азыркы тапта өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө. Өрт кафенин чатырынан чыккан деген божомолдор айтылып жатат. Кошумча маалымат берилет.