Бүгүн, 22-октябрда Асанбай кичи районунда 5 кафе, бир фитнес зал күйүп кетти. Кырсыктын күбөсү өрт саат 10:10дор чамасында башталганын айтты.
"Бул жерде азыр 5 кафе, бир фитнес зал күйүп жатат. "Марио", "Ганбей", "Харчма", "Барклайс", "Бухара" деген кафелер жана "Дельта" фитнес зал бар эле. Баары күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок, баарын чыгарып кеттик. Өрт "Ганбей" кафесинен чыгыптыр. Эмнеден чыкканы азырынча белгисиз", - деди ал.
Өрт кырсыгы болгон жерге "Тез жардам" кызматы, 11 өрт өчүрүүчү унаа келди. Өрт чектөөгө алынды, айрым имараттар дале өрттөнүп жатат.