ЖЫЛНААМА, 22-ОКТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутат Элмира Иманалиева 52 жашка толду

Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутат Элмира Иманалиева 52 жашка толду. Ал 1965-жылы 22-октябрда Бишкек шаарында туулган.

1988-жылы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеп баштаган. 1993-жылдан 1999-жылга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болот. Билим берүү тармагында 2003-жылга чейин иштейт. Ал борбордогу Биринчи Май жана Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары да болгон. 2005-жылдан 2008-жылга чейин - Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин орун басары, кийин Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болот.
2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Ал эми 2010-жылдын октябрында “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
22-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан