Ысык-Көл, Волга дарыясы, Кениядагы чөл космонавттын көзү менен (фото)

Орусиялык космонавт Сергей Рязанский космостук кемеден Ысык-Көлдүн көрүнүшүн сүрөткө тартып, өзүнүн интернеттеги баракчасына жүктөдү.

Космонавт дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерин, шаарларын, дарыяларын, чөл жана космосто болгон укмуштуу көрүнүштөрдүн сүрөтүн жарыялап турат.

Космоско чыгуу мүмкүнчүлүгү баарында эле боло бербейт. Бирок Сергей Рязанскийдин сүрөттөрү аркылуу Жер планетасынын булуң-бурчун космостон көрө аласыз.

"Ысык-Көл – аянты боюнча дүйнөдөгү 25 ири көлдүн жана эң терең 6 көлдүн катарына кирген Кыргыздагы эң чоң көл".

"Анталия – Жер Ортолук деңиздин жагымдуу кумдуу жээги гана эмес ачык асман алдындагы музей-корук".

"Волга дарыясынын куймаларынын космостон көрүнүшү".

"Түштүк Кореянын борбору - Сеул шаары".

"Тынч океанындагы Француз Полинезиясында жайгашкан Муреа аралы".

"Биз полярдык нурланууга күбө болдук. Муну өз көзү менен көргөн бактылуу адамдарбыз".

"Салам, Лос-Анжелес! Голливуд тасмаларынын мекени жана "Оскар" сыйлыгын тапшыруучу жай".

"Грозный - Түндүк Кавказдагы кооз жана жакшы шарттары түзүлгөн шаар".

"Жердин боёктору: Кениядагы таш чөл".

"Ашхабад, Түркмөнстан. Шаардын аталышы "Сүйүктүү шаар" деп которулат".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kuba-savai87
2017-10-22 16:26:19
Керемет керемет
+6
Kuba-savai87
2017-10-22 16:27:05
Эн коозу эле Ысык колго
+12
Azat.97
2017-10-22 17:22:45
Колубуз керемет ээ эээххх!!!Кыргыз болуп торолуп калганыма сыймыктанам.
+3
heaven2016
2017-10-22 18:14:52
Ашык абад экен да
+1
kychan.98
2017-10-22 18:18:05
Баардык жер кооз Алланын жаратканы
+8
Isco23
2017-10-22 19:36:15
Молодец ушу космонавтка. Бар болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан