Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный абакта жаткан маалда кыргыз тилинде бир нече сөздөрдү үйрөнүп чыкканын өзүнүн интернеттеги баракчасына жазып чыкты.
"Мен чыктым. 20 күндүн ичинде 20 китеп окудум, кыргызча бир нече сөздөрдү үйрөндүм жана 80 литр чай ичтим. Ишке даярмын", - деп баракчасына жазган Навальный.
Айта кетсек, 2-октябрда Навальный Нижний Новгород шаарында өзүнүн тарапташтары менен жолугушуу учурунда коомдук тартип бузду деп айыпталып, сот аны 20 күнгө эркинен ажыраткан болчу.