Мындан эки жыл мурун 2015-жылы 12-октябрда шериктери менен №50-түзөтүү колониясынан качып кеткен Алтынбек Итибаев жок кылынган.
Ал 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 8 кылмышкер менен бирге абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кетишкен. Булардын ичинен 5 кылмышкер ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.
Ал эми 16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда, 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган. Ал эми үчүнчүсү Эдил Абдрахманов 22-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Тоо айыл аймагында тирүү кармалган.
Ушул эле күнү кечинде Бишкектеги Достук конушунда Алтынбек Итибаев 2 саатка созулган атышуу учурунда ок тийип каза тапкан. Андан сырткары, аталган ок атышуунун натыйжасында 1 күч кызматкери жана Достук кичи районунун бейкүнөө 2 тургуну набыт болгон.
Ал эми Алтынбек Итибаев менен чогуу качып бара жатып кармалгандар: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев 21-22-октябрь күндөрү түрмөдөн каза болушкан.
22-октябрдын жылнаамасы.