"Титаник" кемесинде жазылган кат Британиядагы аукциондо дээрлик 166 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Катты америкалык ишкер Оскар Холверсон 1912-жылы 13-апрелде кеме кыйроого учурагандан бир күн мурун апасына жазганы айтылат. "Титаниктин" герби түшүрүлгөн кагазга жазылган кат жалгыз болгондуктан аны сатып алууну каалаган коллекционерлердин саны да көп болгон. Тарыхый документ катары каралган катты телефон аркылуу британиялык жаран сатып алган.
Америкалык ишкер Оскар Холверсон жубайы менен "Титаникте" Нью-Йоркко бара жатышкан. Ал жазган катында кеменин чоңдугун сүрөттөп, алар менен кошо кемеде ошол мезгилдеги эң бай адам Жон Жейкоб Астор аялы экөө бар экенин жазат.
"Анда миллиондор болсо да карапайым адамдай көрүнөт экен. Биз менен бирге палубада отурат. Эгерде баары жакшы болсо шаршемби күнү Нью-Йоркко жетип барабыз", - деп жазылат Холверсондун катында.
Бирок Оскар Холверсон, Жон Астор жана башка "Титаниктин" 1500 жүргүнчүсү каза болгон. Анын денесин суудан алып чыгышканда блокнотунун ичинен катты табышкан. Кат ишкердин апасына берилген.
Каттан тышкары аукциондо кеме коштоочунун ачкычтары 100 миң долларга, "Титаниктин" буга чейин коомчулукка жарыяланбаган эки сүрөтү 32 миң долларга сатылган.