Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда күйүп жаткан 5 кафе, бир фитнес залдагы өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт саат 17:50лөр чамасында толук өчүрүлгөн. Ага чейин ӨКМнын басма сөз кызматы саат 13:00дөр чамасында өрттүн чектөөгө алынганын билдиришкен.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен Асанбай кичи районунда кафелердин бири өрттөнүп жанындагы 4 кафеге жана фитнес залга да чаап кеткен.
Өрт кырсыгы болгон жерге "Тез жардам" кызматы, 11 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.