Кечээ, 22-октябрда Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) футзал боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Суперкубогу орун алды.
Футзал боюнча клубдар арасындагы жаңы сезондун алдында өлкөнүн алгачкы Суперкубогу ойнотулду. Анда өлкөнүн чемпиону Оштун "EREM" командасы менен өлкө кубогунун жеңүүчүсү ысык-көлдүк "Мурас" командасы менен беттешти. Оюндун жыйынтыгында "EREM" 5:2 эсебинде жеңишке жетип, Суперкубокко ээ болду.
Футзал боюнча клубдар арасындагы жаңы сезон 27-октябрда старт алат.