21-октябрда өлкөнүн башкы шаарларында орун алган Футбол боюнча Өлкө биринчилиги - Топ-Лиганы жыйынтыктоочу 20-турунда канттык "Абдыш-Ата" бишкектик "Алга" командасын утуп мелдештин күмүш медалдарына ээ болду. Ал эми коло медалдарына бишкектик "Дордой" ээлик кылды.
Эскерте кетсек, буга чейин 17-турдун жыйынтыгы менен "Алай" футболдук клубу чемпион аталып, Топ-Лиганын соңуна 3 тур калганда алтынды жеңип, алдын ала жеңүүчү болуп аныкталган.
Топ-Лиганын 2 беттеши Бишкек шаарында өтсө, 1 беттеш Ош шаарында өттү. Бишкекте "Алга" - "Абдыш-Ата", "Дордой" - "Кара-Балта" беттештери ойнолсо, Ош шаарында "Алай" - "Нефтчи" беттеши орун алды.
"Алга" - "Абдыш-Ата" 0:4
Бишкектик "Алга" канттык "Абдыш-Атаны" футбол федерациясынын талаасында кабыл алды. Беттеш коноктордун пайдасына 0:4 эсебинде аяктады. Голдорду Алерива Олувасен (экини), Бахтияр Дүйшөбеков, Владимир Казабаев киргизишти.
Бул жыйынтык менен "Абдыш-Ата" 20 турдун жыйынтыгы менен 38 упай топтоп мелдештин күмүш медалдарына ээ болду. Ал эми "Алга" 21 упай менен 5-орунда жайгашты.
"Дордой" - "Кара-Балта" 5:1
"Дордой" спорт комплексинде орун алган беттеш 5:1 эсебинде аяктады. Эсеп саны Ислам Шамшиевдин 4-мүнөттө кирген голу менен ачылган. 2-таймда Азиз Сыдыков, Арген Жуматаев жана Александр Мищенконун голдору эсепти чоң эсепке айлантты, "Кара-Балта" буга Урмат Абдукаимовдун голу менен гана жооп кайтара алды. Эсеп 5:1.
Бул жыйынтык менен "Дордой" 35 упай алып 3-орунду ээлеп, коло медалдарга татыды. Ал эми "Кара-Балта" 11 упай менен акыркы орунда жайгашты.
"Алай" - "Нефтчи" 0:1
Өлкө биринчилигинин аягына 3 тур калганда чемпиондукту камсыздаган "Алай" командасы өз талаасында кочкор-аталык "Нефтчини" кабыл алды. Эсеп саны 66-мүнөттө Юлдашбай Салимбаевдин голу менен ачылды. Бул эсеп 90 мүнөт бою кармалып "Нефтчиге" жеңиш алып келди.
Бул жеңиш менен "Нефтчи" командасы 23 упай топтоп, турнирдик жадыбалда "Алганы" ашып өтүп 4-орунду ээледи. Ал эми чемпиондукту камсыздаган "Алай" командасы 5-ирет жеңилүү ызасын тартты.