Килиан Мбаппе Европанын мыкты жаш футболчусу аталды

Франциялык "ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе 2017-жылдын мыкты жаш футболчусу аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 18 жаштагы Килиан Мбаппе "Golden Boy" сыйлыгына ээ болду. Мурунку сезондо франциялык чабуулчу "Монако" клубу менен 44 оюнга катышып 26 гол киргизген.

Мбаппеден тышкары аталган сыйлыкка 25 футболчу ат салышкан. Финалдык этапка Килиан Мбаппе, Габриэл Жесус жана Усман Дембеле өткөн.

Маалымдай кетсек, Килиан Мбаппе жайкы трансферлер сезонунда "ПСЖ" клубуна ижарага өткөн. Келишим боюнча "ПСЖ" 1 жылдан кийин Мбаппени 180 миллион еврого сатып алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ulik.uma04
2017-10-23 15:32:48
Жаш футболист азаматсын иним.Негизи Реалга отсон жакшы болмок эртеби кечпи!
-1
nemo2016
2017-10-23 16:51:17
ulik.uma04,реалга отсо роналдону же асенсио ну звезда кылат отпогону он
+1
FCBMESSI
2017-10-23 16:55:09
Мбаппе Барсаны тандайт бир кун келип
0
Dembele84
2017-10-23 20:55:17
Мбаппе Барсага отом Неймардын ордуна деп журду жайында,но Барса акчасын которбой койгон учун ПСЖ га кетти
+1
Rasul94
2017-10-24 11:32:03
мен Габриел Жезусту баалайм жаштардан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан