Кыргыз өлкөсүнүн футзал боюнча Суперлигасынын жаңы сезону 27-октябрда старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Анын айтымында, аталган мелдешке 9 команда катышып, медалдар үчүн күч сынашат. Командалар 3 тайпага бөлүнүп өз ара беттешет. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында 1-4-орунду ээлеген командалар жарым финалдык баскычка өтөт.
Алгачкы беттештер 27-29-октябрда Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) өтөт. Беттеш саат 16:00дө башталат.
А тайпасы:
"EREM" (Ош);
"Баткен" (Баткен);
"Жалал-Абад" (Жалал-Абад).
В тайпасы:
"Мурас" (Ысык-Көл облусу);
"Фарватер" (Бишкек);
МФК "Жакшылык" (Бишкек).
С тайпасы:
"Бакубат Талас" (Талас);
"Алга" (Бишкек);
"Sun City" (Бишкек).