Бүгүн, 23-октябрда Англиянын Лондон шаарында ФИФАнын "The Best" сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Анда жылдын мыкты футболчусу, машыктыруучусу, дарбазачысы жана жылдын мыкты голу аныкталат.
Сыйлык берүү аземи Бишкек убактысы боюнча саат 23:30да башталат. Буга чейин сыйлыкка татыктуу 3 номинант аныкталган.
Жылдын мыкты футболчусу: Криштиану Роналду ("Реал Мадрид"), Лионель Месси ("Барселона"), Неймар ("Барселона"-"ПСЖ");
Жылдын мыкты машыктыруучусу: Зинедин Зидан ("Реал Мадрид"), Антонио Конте ("Челси"), Массимилиано Аллегри ("Ювентус");
Жылдын мыкты дарбазачысы: Жанлуижи Буффон ("Ювентус"), Кейлор Навас ("Реал Мадрид), Мануэль Нойер ("Бавария");
Кыздар арасындагы жылдын мыкты футболчусу: Дейна Кастельянос (Венесуэла), Карли Ллойд (АКШ), Лике Мартенс ("Барселона");
Кыздар футболунда мыкты машыктыруучу: Нильс Нильсен (Дания), Жерар Прешер ("Лион"), Сарина Вигман (Голландия);
Сезондун мыкты голу: Дейна Кастельянос (Венесуэлы U-17 кыздар курамасы), Оливье Жиру ("Арсенал"), Масулуке Оскарине ("Барока").
Мыкты күйөрмандар: "Боруссия Дортмунд", "Селтик", "Копенгаген".