Англиялык "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу башкы машыктыруучу Жозе Моуринього жаңы келишим даярдады. 5 жылдык келишимдин негизинде португалиялык машыктыруучу 65 миллион фунт стерлинг иштеп табат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
"Манчестер Юнайтед" клубунун жетекчилиги Моуриньонун иштегенине толугу менен ыраазы болуп, келишимди узартууну көздөп жатат. Жозе Моуриньонун алдында "Манчестер Юнайтед" 2016-2017-сезондо Европа лигасын, Англиянын Суперкубогун жана Англия лигасынын кубогун жеңип алган.
Моуриньо "Манчестер Юнайтед" менен 2016-жылдын май айынан баштап башкарып келе жатат. Буга чейин англиялык "Челси", италиялык "Интер", испаниялык "Реал Мадрид" клубдарынын башында болгон.