Бишкекте "Улуу Жибек жолунун аскерлери" аттуу эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкек шаарында 22-ноябрда Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын "WEF Global 10. Улуу Жибек жолунун аскерлери" аттуу эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. SUPER.KG порталына уюштуруучулар кабарлагандай, мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда орун алат. Мелдештин алкагында жалпы 14 беттеш өтүп алардын 3 беттеши чемпиондук кур үчүн болот.

Уюштуруучулардын айтуусу боюнча, мелдеште 8 мамлекеттин мушкерлери жана WEF'тин эң мыкты мушкерлери күч сынашат. Беттештер өтө турган имарат мелдештин атына ылайык кооздолуп жасалганы айтылды.

Учурда Кыргыз спортчуларынын атаандаштарынын тизмеси аныктала элек, бирок Актилек Жумабек уулу, Бусурманкул Абдибаит уулу жана Абдулгажи Газиевдин катышуусу айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан