Кыргыз дзюдочу Юрий Краковецкий дүйнөлүк рейтингде 7-орунга көтөрүлдү

Дүйнөлүк дзюдо федерациясы 2017-жылдын 22-октябрында дзюдочулардын рейтингин жаңылады. Аталган рейтингге Кыргыз өлкөсүнөн ­­ар бир салмак ченинен бирден дзюдочу жарыяланган.

100 килограммдан жогорку салмак категориясында дүйнөнүн мыкты дзюдочуларынын арасында Кыргыз спортчусу Юрий Краковецкий жалпы 2026 упай топтоп 7-орунда жайгашты. Ал буга чейинки тизмеде 16-орунда болчу.

2017-жылы Юрий Краковецкий рейтингде эсепке алынган мелдештерде 2 күмүш, 1 коло жана 1 жолу 5-орунга ээ болгон. Ал октябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн "Grand Prix Tashkent 2017" мелдешинде күмүш медалын жеңип алган. Май айында Гонконгдо өткөн Азия чемпиондугунда коло байгеге ээ болуп, апрелде Түркияда өткөн “Antalya Grand Prix-2017” мелдешинде күмүш медалын жеңип алган. Ошондой эле февраль айында "Dusseldorf Grand Prix 2017" мелдешине катышып 5-орунга ээ болгон.

100 килограмм салмак ченинде алдынкы 3 дзюдочу:

1-орун: Давид Моура - 4210 упай (Бразилия)

2-орун: Тедди Ринер – 3850 упай (Франция)

3-орун: Гурам Тушишвили - 2780 упай (Грузия)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан