Инклюзивдүү билим берүүдө ата-энелер менен иштешүү өнүгүшү керек

Ден соолугунун жана психикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бүгүнкү күндө коомго аралашууда бир топ кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга туш болот. Алар жашоодо толук кандуу жашай албай жатышат. Айрым учурда ата-энелердин баласынын саламаттыгына көргөн жөнсүз жана мүнөт сайын ашыкча камкордугу баладагы бар мүмкүнчүлүктөрдү да жок кылып, алардагы элге аралашуу жөндөмүн азайтып салат. Мындан улам инклюзивдүү билим берүүнүн өнүгүшүнө ата-энелер менен иштешүү маанилүү.

Борбордук Азиядагы Евразия фондунун "Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды инклюзивдүү билим берүү учурунда коштоп жүрүү" долбоорунун алкагында бир нече мектептин окуучуларынын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүрүүдө. "Сорос Кыргызстан" фондунун каржылык көмөгү менен уюштурулуп жаткан долбоорго пилоттук негизде Нарындагы А. Буйлаш уулу атындагы №8, Ош шаарындагы Навои атындагы №18 жана Чүй облусундагы Лебединовка айылында жайгашкан №1-мектептердеги ата-энелер менен иш алып баруу жүрүүдө.

Лебединовка айылдык орто мектебинин директору Күлбүбү Ыскакованын айтымында, ресурстук борбордо психологдор менен соцпедагогдордун ата-энелер менен иштешүүсүнүн алгачкы этаптары иштелип чыкты.

"Программада биз инклюзивдүү билим берүүнүн мындай принциптерин ишке ашырдык. "Бардык адамдар бири-бирине муктаж жана ар бир адам баарлашууга укугу бар, аны башкалар угушу керек". Биздин адистер ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүштү. Психолог эки тараптуулуктун интерактивдүү ыкмасын колдонуп, арт-терапия, психодрама жана трансакциондук анализди колдонду", - дейт мектеп директору.

Мугалимдер ата-энелердин балдарына жана мектептеги башка окуучуларга болгон мамилеси жакшы жакка оңолуп калганын белгилешүүдө. Окуу тарбия иштери боюнча мектеп директорунун орун басары Ирина Федоровна бүгүнкү абал тууралуу буларга токтолду: "Ата-энелерди колдоо боюнча иш-аракеттер жүргүзүлгөндөн кийин алардын психологиялык абалы кадимкидей жакшырды. Ата-энелер балдарын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабастан башка балдар менен чогуу окутуу жакшы натыйжа бере тургандыгына мурдагыдан да ишенимдери чоңойду. Менин бир окуучум учурда үй-бүлөлүү, анын баласы азыр менин классымда окуйт. Ошол эне мындай дейт: "1990-жылдары биздин класста да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала окучу, бирок ал кезде ата-энемдин айтып-үйрөтпөгөндүгүнө байланыштуу мен ал бала менен дээрлик сүйлөшчү эмесмин. Ата-энелердин адистер менен болгон жолугушуусунан кийин ар бир ата-эне балдарына коомдогу мындай катмардагы балдарды бөлбөш керек, алар менен чын жүрөктөн сүйлөшүү керек деп айтуу зарыл экенин түшүндүм. Мен баламдын мектепте дос таап, сүйлөшүүсүн каалайм".

Долбоордун алкагында адистердин командасы ата-энелерди шыктандыргандан тышкары да бир топ жумуштарды аткарышты деп белгилейт Борбордук Азиядагы Евразия фондунун менеджери Анара Надирбекова.

"Ата-энелердин педагогика, балдар психологиясы, валеология жаатындагы сабаттуулугун жана маданиятын көтөрүү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын инклюзия шартында билим алуусуна болгон көз карашын баамдоодо фундамент болду. Пилоттук долбоорду жүргүзүүнүн алкагында инклюзивдүү билим берүүнүн ресурстук борборлоруна психолог, дарыгерлердин коштоосунда барып, ата-энелер коомчулугу менен иштешүүнү активдүү улантабыз", - деп сөзүн жыйынтыктады аталган долбоордун адиси.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан