"Жогорку Кеңештин төрагалыгына ишеним көрсөтсөңөр, депутаттарды саясий көз караштарына карап оппозиция же позиция деп бөлбөйм", - деген убадасын бүгүн, 25-октябрда парламент жыйынында спикерликке талапкер Дастан Жумабеков ("Кыргызстан") берди.
Ал парламенттин ишин жогорулатуу үчүн иштин ачык-айкындуулугун, отчёттуулугун, милдеттерин ишке ашыруу маанилүү экенин айтты. "Парламент мезгил талабына жооп берүүсү керек. Пайдалуу мамлекеттик орган болушубуз зарыл. Заман талабына жараша жашоо-шартын жакшырта турган мыйзам долбоорду иштеп чыгуу керек", - деди ал.
Андан соң Дастан Жумабеков ага ишеним көрсөтүп жаткан кесиптештерине ыраазычылык билдирди.
Айта кетсек, спикерликке Жумабековдон тышкары Исхак Масалиев ("Өнүгүү-Прогресс") ат салышууда.