КСДП вице-спикерликке аял депутаттын талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы вице-спикерликке Асел Кодуранованын талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда SUPER.KG порталына аталган фракциядан депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

"Кыргызстан" фракциясы спикерликти алгандан кийин анын орун басарлыгы КСДП фракциясына берилет. Аялдардын квотасы бар, гендерлик саясат боюнча маселе көрсөтүлсө Кодуранованын талапкерлиги азыркы учурдагы вице-спикер Данияр Төлөновдун ордуна көрсөтүлүшү толук мүмкүн", - деди Момбеков.

Айта кетсек, бүгүн парламент жыйынында “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков 80 добуш менен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан