"Алай" командасынын чабуулчусу Алиа Силла үчүнчү ирет бомбардир болуп, 21 жыл мурунку рекордду кайталады

Оштун "Алай" футболдук клубунун чабуулчусу Алиа Силла үчүнчү ирет катары менен жылдын бомбардири аталып, 21 жыл мурунку рекордду кайталады. Бул тууралуу футбол лигасы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Алиа Силла Топ-Лиганын алкагында атаандашынын дарбазасына 12 гол киргизген. 29 жаштагы чабуулчу өзүнүн 12-голун Топ-Лиганын 19-турунда "Дордойдун" дарбазасына киргизген. Жалпы эсепте ушул сезондо 14 беттешке катышкан.

Бул жыйынтык менен Алиа Силла 3-ирет катары менен жылдын бомбардири болуп, 21 жыл мурунку Александр Мерзликиндин рекордун кайталады. Мерзликин 1994-1996-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн 3 ирет жылдын бомбардири болгон. Ал 2 сезондо "Кант-Ойл" командасында ойноп, 1996-жылы "АиК" командасында ойногон.

Бомбардирлер тизмесинде 2-орунда "Дордойдун" оюнчусу Алишер Азизов жайгашкан, ал 15 беттешке катышып 10 гол киргизген. 3-орунду "Абдыш-Атанын" оюнчусу Алерива Олувасен жана "Алайдын" оюнчусу Максат Алимов бөлүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Isco23
2017-10-26 08:57:40
Каражорго молодец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан