Панкратион боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз мушкерлери бир алтын жана эки коло медалга татышты. Бул тууралуу команданын мүчөсү Улан Кошматов SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн атынан барган 3 мушкер байгелүү жеңишке жетишип медаль тагынышты.
Алардын ичинен Алымбек Темиров 75 килограммдан жогорку салмак ченинде Дүйнө чемпиону аталып алтын медалга татыса, Арсений Азамат уулу жана Баяман Маматалиев 66 килограмм салмак ченинде коло медаль жеңип алышкан.
Орусиянын Сочи шаарында жаштар, улуулар жана ардагерлер арасында өтүп жаткан панкратион боюнча Дүйнө чемпиондугу 25-октябрда башталган. Бул дүйнөлүк масштабдагы спорттук иш-чарага 22 мамлекеттен келген 300дөн ашуун спортчу катышып жатат, анын ичинен Кыргыз өлкөсүнүн атынан барган 19 спортчу дагы бар.
Панкратион боюнча Дүйнө чемпиондугу эртең, 29-октябрда жыйынтыкталат.