Бишкекте Каныбек Осмоналиевдин урматына арналып оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкек шаарында 24-26-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Каныбек Осмоналиевдин урматына арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке Орто Азиядан, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн спортчулар келип катышып, байгелер үчүн күч сынашат. Эркектер арасындагы мелдеш үчүн спортчулар салмак боюнча 8 категорияга, ал эми кыз-келиндер 7 категорияга бөлүнгөн.

Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку, Европанын 2 жолку чемпиону. 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада чемпион болгон. СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан