Бишкекте өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча республикалык мелдеш өтөт

Бишкек шаарында 1-ноябрдан 3-ноябрга чейин өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мелдештин уюштуруучусу Эсенбек Базакечев билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 6 жаштан 16 жашка чейинки балдар жана кыздар өлкө аймагындагы шаарлардан жана райондордон келип катышат.

Шахматчылар жашы боюнча 10 категорияга бөлүнүп беттешет. Учурда мелдешке катышуу үчүн жүздөн ашык шахматчы балдар даярданып жатышат.

Жеңүүчүлөр кубоктор, медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйланышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан