Бишкекте Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндарынын алкагында Оман менен БАЭнин курама командалары машыгуусун өткөрүштү

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаарында футбол боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндарынын алкагында Омандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын курама командалары Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо машыгуусун өткөрүштү. Ал эми Кыргыз жана Непал курама командалары машыгууларын эртең, 30-октябрда өткөрүшөт.

Эске салсак, жаштар арасындагы Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндары 31-октябрдан баштап 8-ноябрга чейинки аралыкта өтөт. Анда Кыргыз курама командасы "А" тайпасындагы Бахрейн, Оман, Непал жана Бириккен Араб Эмираттарынын курамаларын кабыл алат.

Оюндардын тизмеси (Беттештер Бишкек убактысы боюнча):

31-октябрь:

12:00 - Кыргыз өлкөсү - Непал:

17:00 - Оман - БАЭ.

2-ноябрь:

12:00 - Кыргыз өлкөсү - Оман;

17:00 - Непал - Бахрейн.

4-ноябрь:

12:00 - Бахрейн - Кыргыз өлкөсү;

17:00 - БАЭ - Непал.

6-ноябрь:

12:00 - БАЭ - Кыргыз өлкөсү;

17:00 - Оман - Бахрейн.

8-ноябрь:

12-00 - Непал - Оман;

17:00 - Бахрейн - БАЭ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aibars
2017-10-29 19:03:13
Бир жарашыктуу заманбап суроо талапка жооп береер Футбол Талаабыз жок. Башка элге уят болбой ушул жагын колго алышса. Ансыз деле казынадан акчалар он чонток сол чонтокко кетип жатат.
+6
Azat.97
2017-10-29 23:10:59
aibars,Туура колдойм стадион салынса жакшы болмок
+3
BekAmir
2017-10-30 00:54:42
Биздин жигиттерге ийгилик!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан