Монголиянын Улан-Батор шаарында 27-29-октябрь аралыгында өткөн стритбол боюнча Азия кубогунда Кыргыз курама командасы 7-орунду ээледи. Бул тууралуу эл аралык баскетбол федерациясы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеште Кыргыз спортчулар чейрек финалдык баскычка чейин жеткен. Анда Кыргыз баскетболчулар Жаңы Зеландиянын курамасы менен беттешип 9:21 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Мелдештин жыйынтыгында, Кыргыз курамасы 7-орунга ээ болсо, Жаңы Зеландиянын командасы күмүш медалдарын тагынды. Жалпы эсепте эркектер арасындагы мелдеште 15 команда катышкан.
Ал эми кыз-келиндер арасындагы мелдеште Кыргыз курамасы тайпалык баскычтан чыкпай калып, 12 команданын арасынан 9-орунда жайгашкан.
Маалымат үчүн: Стритбол (көчө баскетболу) - баскетболго караганда оюнчулардын саны аз (3 эле оюнчу) жана аянт эки эсеге кичинекей (баскетбол аянтынын жарымы).