Кыргыз Республикасында волейбол боюнча энелер лигасы түзүлдү

Кыргыз Республикасында расмий түрдө волейбол боюнча энелер лигасы түзүлдү. Бул тууралуу волейбол федерациясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, алгачкы турнир эркектер арасындагы өлкө биринчилиги аяктаганда, ноябрь айында өткөрүлөт. Беттештер Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында орун алат.

Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагишевдин айтымында, аталган лига 2016-жылы эле түзүлгөн.

"Волейбол боюнча энелер лигасынын алкагындагы алгачкы мелдеш 6 команданын катышуусунда 2016-жылдын май айында өткөн. Эми волейбол федерациясы лиганы өзүнүн көзөмөлүнө алып, расмий түрдө федерацияны мелдештер календарына киргизет", - деди ал.

"Учурда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 40тан ашык команда бар. Келе жаткан турнирде 19 команда 40 жаштан улуу оюнчулардан түзүлүп, "А" жана "В" тайпаларына бөлүнгөн. Энелердин жумушу көп экенине карабай, волейбол үчүн убакыт тапканы абдан маанилүү. Лигада 7,8 жана 9 бала төрөгөн энелер да бар", - деп кошумчалады Сарбагишев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан