Бүгүн Чемпиондор Лигасынын 4-туру старт алат

Бүгүн, 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 4-турдун оюндары ойнолот. Бул күнү "А", "В", "С" жана "D" тайпаларындагы командалардын беттеши орун алат.

2 апталык тыныгуудан кийин Чемпиондор Лигасы кайрадан уланууда. Мурунку турда өткөн беттештерде талаа ээлери болгон командалар бул ирет конокто ойношот. Күндүн башкы беттеши катары "Рома" - "Челси" жана “Базель" - “ЦСКА” командаларынын ортосундагы оюндарды саноого болот.

Тайпадагы абал:

"А" тайпасында лидерликти "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу сактап келе жатат. Ал 3 турдун жыйынтыгында капчыгына 9 упай топтогон. 2-орунда 6 упай менен "Базель" жайгашса, 3-орунда 3 упай менен "ЦСКА" жайгашкан. Ал эми "Бенфика" командасы упайсыз 4-орунда жайгашууда.

"В" тайпасында 3 турдун жыйынтыгында "ПСЖ" командасы 9 упай менен 1-орунда келүүдө. "Бавария" 2 жеңиш жана 1 жеңилүү менен 6 упай алып, 2-орунда келе жатат. 3-орунда 3 упай менен "Селтик" жайгашса, "Андерлехт" 3 жолу жеңилүү ызасын тартып 0 упай менен 4-орунда орун алууда.

"С" тайпасында сап башында "Челси" жайгашкан, ал 3 беттеште 7 упай топтогон. 2-орунда 5 упай менен "Рома" командасы келүүдө. 3-орунда 2 упай топтогон "Атлетико Мадрид" клубу жайгашкан. Ал эми 4-орунду упайсыз "Карабах" клубу ээлеп келүүдө.

"D" тайпасында 3 турдун жыйынтыгында 9 упайга ээ "Барселона" клубу 1-орунда келе жатат. 2-орунда 6 упай топтоп "Ювентус" келүүдө. "Спортинг" 3 упай менен 3-орунда келе жатса, 4-орунда 0 упай менен "Олимпиакос" командасы жайгашкан.

Бардык беттештерге Бишкек сааты боюнча 01:45те орун берилет.

"А" тайпасы

"Базель" (Швейцария) - "ЦСКА" (Орусия);

"Манчестер Юнайтед" (Англия) - "Бенфика" (Португалия).
"В" тайпасы
"ПСЖ" (Франция) - "Андерлехт" (Бельгия)
"Селтик" (Шотландия) - "Бавария" (Германия).
"С" тайпасы
"Атлетико Мадрид" (Испания) - "Карабах" (Азербайжан);
"Рома" (Италия) - "Челси" (Англия).
D” тайпасы
"Олимпиакос" (Греция) - "Барселона" (Испания);
"Спортинг" (Португалия) - "Ювентус" (Италия).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
FIFA17
2017-10-31 20:29:38
Форча Барча).
-2
Isco22
2017-11-01 10:04:26
FIFA17,форча барса эмес мочча барса болду го хихиххи
0
Isco22
2017-10-31 20:35:56
МЮ жениш кутом сенден
0
jenish87
2017-10-31 20:55:21
Барселонага ийгилик каалайм!!!
0
nemo2016
2017-10-31 22:27:51
ПСЖ Барселона ийгилик
-1
FCBMESSI
2017-10-31 22:50:19
Мессиден покер кутом
-4
tawbawat
2017-11-01 04:43:10
FCBMESSI,кыйратты мессин
-4
Isco22
2017-11-01 10:03:53
FCBMESSI,умутунду узбо брат)))покер деп журо бер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан