Кыргыз мушкерлер панкратион боюнча Дүйнө чемпиондугунда 6 медаль жеңип алышты

Кыргыз мушкерлери Орусиянын Сочи шаарында 27-29-октябрь аралыгында өткөн панкратион боюнча Дүйнө чемпиондугунда 6 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Панкратион федерациясынын басма сөз кызматы бүгүн, 1-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш жаштар, улуулар жана ардагерлер арасында өткөн. Жалпы эсепте мелдешке 22 өлкөнүн 300 спортчусу катышкан, алардын ичинен 19 спортчу Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан. Кыргыз спортчулар жалпы 6 медаль жеңип алышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Алымбек Темиров 75 килограмм салмак ченинде - алтын медаль;

Жаныш Ураим уулу 66 килограмм салмак ченинде – күмүш медаль;

Камбарали Раимбаев 60 килограмм салмак ченинде – күмүш медаль;

Баяман Маматалиев 66 килограмм салмак ченинде – коло медаль;

Арсений Азамат уулу 66 килограмм салмак ченинде – коло медаль;

Чыңгыз Анарбек уулу 66 килограмм салмак ченинде – коло медаль.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан