Кыргыз адабий тили — жалпы элдик тилдин негизинде калыптанып, белгилүү бир нормага салынган тил. Анын түзүлүшүнө негизинен түндүк диалекти чоң роль ойногон, бирок түштүк диалектидеги көп сөздөр адабий тилдин сөздүк курамын байытып турат. Аларга пахта, косек, пилла, мейиз, чигит, гозо, гозопая, мисте, жаңгак, шалы өңдүү сөздөрдү кошууга болот. Диалектилер адабий тилге өз таасирин тийгизгендиктен, бара-бара өзгөчөлүктөр жоюлушу мүмкүн.
Мисалы, жер төшөктү Ысык-Көлдө алты кат, ал эми Ошто жакандөз деп аташат. Аймактардын сүйлөө өзгөчөлүгүнө жараша бардык диалектини сиз түшүнө аласызбы? Тесттен өтүп көрүңүз.